Президент Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
“Сапардын алкагында Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык саясат маселелерин талкуулашат. Тяньцзин саммитинин жыйынтыгында Уюмга төрагалык Кыргыз Республикасына өтөт, буга байланыштуу Мамлекет башчысы саммитте биздин өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмундагы алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын тааныштырат. 
Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Тяньцзин декларациясына кол коюлат. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда. Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу болот», — деди Сагынбек Абдумуталип.