Президент Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;

— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.