Шаршемби, 24.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент Садыр Жапаров Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

10:03 02.11.2021
0
«Ушак айтуудан, жалаа жапкандан да орозо кармоо зарыл». Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Кадырлуу көркөм өнөр чеберлери, жалпы эле маданият өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин, элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, күчтүү, бакубат коомду кура албастыгыбызды буга чейин да айткан элем, дагы баса белгилеп айта кетейин. Кезинде кыргыз маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалова апабыздын „Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар, кыргызды сактайсыңар“ деген керээз сөзүн ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз кажет. Маданият жана искусство чеберлеринин ата-бабаларыбыздан калган таберикти — элдик оозеки чыгармачылык, узчулук, кол өнөрчүлүк, көркөм адабий дөөлөттөрдүн учугун улап, кеңири жайылтуудагы салымы абдан зор.

Бүгүнкү күндө дагы көркөм өнөр жана маданият тармагы ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат. Маданият чөйрөсүндө ак кызмат кылгандар жаш муундардын Мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу, аларды атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоо менен элдин маданиятын көтөрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келишет. Ошондуктан маданият жана көркөм өнөр ишмерлери кайсы гана коомдо болбосун, улут сыймыгы болуп келишкен. Биз көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоодогу, элибиздин маданий казынасын байытуудагы эмгегиңиздерди жогору баалайбыз. Көркөм өнөрдүн бардык багыттарында — театр, кино, сүрөт, музыка жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мамлекет тарабынан маданиятыбызды, ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс өнөрүбүздү сактап, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келе жатат. Маданиятты жана искусствону колдоону, аны көздүн карегиндей сактоону жана келечек үчүн даңазалоону көңүл борборуна коюп, колго алабыз.

Мен тээ байыртан бери миң-миң сап „Манасын“ ооздон түшүрбөгөн, эч бир калкта жок төкмөлүк өнөрдү аздектеп келген, өткөн доордо кино жаатында „Кыргыз кереметин“ жараткан, „Ла-Скала“ сыяктуу дүйнөгө атагы чыккан театрда Болот Миңжылкыевдин коңур үнүн жаңырткан кыргыз элинде дагы-дагы маданий шедеврлер жаралат деп ишенимдүү айта алам. Өлкөбүздө болуп жаткан бурулуш окуялардын жакшы жышааны менен мамлекетибизге олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, жакынкы жылдарда бийлик тарабынан искусствону жана маданиятты өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлөт. Элдин нукура руханий байлыгы болгон маданиятты, асыл наркты мындан ары да муундан-муунга улантып кетүүгө жалпыбыз күч үрөйлү.

Элибиз туу туткан урматтуу маданият өкүлдөрү! Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачыл дем-шык каалайм. Элибиздин маданиятын көтөрүүгө багытталган ишиңерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!»

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

15:53 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү