Шейшемби, 23.09.2025
Бишкек booked.net
+12...+16° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент Садыр Жапаров Максим Бакиевдин досу Алексей Ширшов тууралуу үн катты

14:30 11.05.2022
0
Президент Садыр Жапаров Максим Бакиевдин досу Алексей Ширшов тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу кечээ, 10-майда УКМК тарабынан кармалып, ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан Алексей Ширшов тууралуу үн катты.

«Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат» дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз. Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.

Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөнүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алганына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла” деп тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат. Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби, ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой болуп, «Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!” деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатышат. Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек. Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөнү менен жарыялап, сотко жиберет. Чоңдор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек!

Ширшовдун өзүнө тиешелүү “Дастан” корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганбыз. Бүгүнкү күндө “Дастан” корпорациясы мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат. Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересиң. Ушундай принцип. Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт! “Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?” деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо. Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

1-апрелден тарта мугалимдер менен медиктердин айлыгы көтөрүлөт

1-апрелден тарта мугалимдер менен медиктердин айлыгы көтөрүлөт

Автор Эдита Ильясова
15:03 18.09.2025
0

Эмки жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, азыр...

Спикер Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгесине түшүндүрмө берди

Спикер Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгесине түшүндүрмө берди

Автор Эдита Ильясова
11:11 17.09.2025
0

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку кеңеш өзүн-өзү таратып жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Ал...

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:19 16.09.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесине, президенттин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик...

Жогорку Кеңешти таратууну демилгелеген депутаттардын тизмеси жарыяланды

Жогорку Кеңешти таратууну демилгелеген депутаттардын тизмеси жарыяланды

Автор Эдита Ильясова
10:04 16.09.2025
0

Жогорку Кеңешти таратууну демилгелеген депутаттардын тизмесин АКИpress жарыялады. Жогорку Кеңешти таратуу сунушуна кол койгон депутаттардын тизмеси: Нурланбек Азыгалиев (Жайыл шайлоо...

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталганы айтылды

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталганы айтылды

Автор Эдита Ильясова
11:41 12.09.2025
0

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилге көтөрө турган депутаттык топ түзүлүп, ишин баштады. Бул тууралуу “Азаттык" жазды. Андагы маалыматка ылайык,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Таанышын таш менен ургулаган шектүү кармалды (видео)

Таанышын таш менен ургулаган шектүү кармалды (видео)

09:33 23.09.2025
«Айлык акы жогору». Бишкекте кыздарды сойкулукка тартууга шектүү кармалды

"Айлык акы жогору". Бишкекте кыздарды сойкулукка тартууга шектүү кармалды

16:13 22.09.2025
Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу үн катты (видео)

Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу үн катты (видео)

10:54 23.09.2025
Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу үн катты (видео)

Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу үн катты (видео)

10:54 23.09.2025
«Алтын топту» алган футболчу Усман Дембеле сахнада ыйлады

"Алтын топту" алган футболчу Усман Дембеле сахнада ыйлады

10:30 23.09.2025
Таанышын таш менен ургулаган шектүү кармалды (видео)

Таанышын таш менен ургулаган шектүү кармалды (видео)

09:33 23.09.2025

АРХИВ

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
« Авг    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү