Бүгүн, 5-февралда Пекинде президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды. Өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.
Салтанат аяктагандан кийин Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.