Президент Садыр Жапаров Монголия президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурелсухту Монголиянын президенттигине шайланышы жана кызматка киришүүсү менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады. Жолугушуу жүрүшүндө мамлекет башчылары түрдүү тармактарда эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги иш сапарларды алмашуу маселелерин талкуулашты.