Садыр Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров төрагалык кылуучу тарап — Армениянын чакыруусу менен 16-майда, Москва шаарында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүп жатат.