Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду. 22-сентябрда Президент Келечек Саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. 24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу болот.