Президент Садыр Жапаров он бир чет өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Корея Республикасы, Кипр, Хорватия, Нидерланд Королдугу, Сауд Арабиясы, Дания, Бириккен Араб Эмираттары, Бангладеш Эл Республикасы, Литва, Финляндия жана Франциянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Кыргызстандын жогоруда аталган өлкөлөр менен саясий диалогду жана эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Президент Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн ачык жана эки жакка тең пайдалуу боло турган долбоорлорду талкуулоого даяр экенин айтып, биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.

Элчилер өз кезегинде кыргыз тарап менен жемиштүү иш алпарууга даяр экендиктерин жана эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүдө аларга коюлган бардык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жаткандыктарын белгилешти. Мындан тышкары, айрым элчилер Кыргызстандын экономикасына, атап айтканда, гидроэнергетика, санариптештирүү жана башка тармактарга инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдиришти.