Президент Садыр Жапаров Орхан Инандынын уурдалышы боюнча үн катты

Кечээ, 5-июлда бир ай мурда дайынсыз жоголгон «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды Түркияда экени ачыкталды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынында өзү билдирип, «Орхан Инанды Улуттук коопсуздук кызматынын жардамы менен Түркияга алып келинди» деди. Ал эми бүгүн, 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды чакырып, нота тапшырып, Инандыны кайтарып берүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров 24.кжге бул окуя боюнча интервью берип, Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматы аркылуу уурдалганы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында Орхан Инандынын жоголгону жөнүндө кабар тарар замат, мен дароо укук коргоо органдарынын башчыларын чогулттум, аны билесиздер. Мен аны тез арада табуу үчүн бардык күч-аракетти жумшап, чек араларды тыкыр көзөмөлдөп турууну тапшырдым. Ошол эле күнү ал жөнүндө толук маалымат алдым. Аны уурдоого 2016-жылдан бери үч жолу аракет болгон экен. Үчүнчү аракет кыш мезгилинде болгон, анда УКМКнын кызматкерлери аны сактап калышкан. Бул жөнүндө Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү билген. Андан кийин Камчыбек Кыдыршаевич (Камчыбек Ташиев — УКМКнын төрагасы) Орхан Инандыга жалгыз жүрбө, ар дайым жан сакчылардын коштоосунда бол деп эскерткен экен. Бирок алар буга көңүл бурушпаптыр», — деди ал.

Ал журналисттин «эми Кыргыз тарап түрк тарапка талаптарды коёбу?» деген суроосуна «Албетте, коёбуз! Мен дароо тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге элчини чакыртып, ага нота тапшырууну буюрдум. Нота бүгүн тапшырылды«, — деп жооп берди. Анын айтымында, Кыргызстан түрк тараптан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кылат. «Бул маселени биз түрк тарапка көтөрүп чыктык жана Орхан Инандынын кайтарылып берилишин талап кылабыз. Бирок азырынча түрк тараптан расмий жооп боло элек. Алар Орхан Инанды алардын жараны экендигин, анын Түркиянын жарандыгынан чыкпагандыгын оозеки билдиришкен. Биз Түркиядан расмий жооп күтүшүбүз керек», — деди ал.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан.