Президент Садыр Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланды.

Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ал учурда өкмөт аркылуу коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.

Михаил Мишустин Орусия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурунку деңгээлин биргелешкен күч-аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын, ошондой эле орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун алгылыктуу иштерине токтолду.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантуу жөнүндө келишимге жетишилгендигин билдирди.

Садыр Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Орус өкмөтүнө ыраазычылыгын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар айрыкча соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришти.