Президент Садыр Жапаровдун Орусиянын Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Мамлекет башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты. Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды. Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты.
Кечээ, 25-майда, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.