Президент Садыр Жапаров «Ош базарын» кыдырып жүрөт

Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров «Ош базарына» барды. Ал журналисттерге интервью берберин айтты.

Маалымат катчысы Эрбол Султанбаев президент базарга көзөмөл кассалык аппарат боюнча соодагерлер менен сүйлөшүү үчүн барганын айтты.

Президенттин жанында отставкага кетти делип жаткан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди да көрүүгө болот.