Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкент шаарына жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салуу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз ара жардамдашуу жолу менен региондогу мамлекеттердин чарбалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этап-этабы менен интеграцияланышын талкуулашат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө – Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстандын, Пакистандын өкмөт башчылары катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Биринчи айым Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;

— Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков;

— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.