Садыр Жапаров Өзбекстанга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ТМУнун Декларациясын жана 2022-2026-жылдарга Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, ошондой эле ТМУ менен Эл аралык Түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; 

– Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;

– Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев; 

– транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев; 

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

– Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков. 

Белгилей кетсек, өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө-мамлекеттер – Кыргыз Республикасы, Азербайжан, Казакстан, Түркиянын башчылары катышат. Ал эми Венгриянын премьер-министри менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы байкоочу макамында катышат.