Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына киргендер:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– ппрезиденттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;
— транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.