Президент Садыр Жапаров Пекин шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.