Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барды. Мамлекет башчысынын учагы «Пулково» эл аралык аэропортуна конду.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы демилгечиси Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин болгон Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышат.