Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 11-апрелде өткөн референдумда Конституция кабыл алынган. Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы менен дайындоого мүмкүндүк берет. Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет», — деп айтылат маалыматта.












