Президент Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Жапаров Мирзийоевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине – тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады. Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.