Президент Садыр Жапаров Сочиге келди (сүрөт)

Бүгүн, 24-майда президент Садыр Жапаров Сочиге иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

Иш сапарынын алкагында ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.