Президент Садыр Жапаров Ташкент шаарына мамлекеттик сапар менен барды. Аны кимдер тосуп алды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровду Ислам Каримов атындагы «Ташкент» аэропортунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Анда «Ташкент» эл аралык аэропортуна Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүнкү иш сапарынын алкагында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырган.

Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү белгиленген.