Президент Садыр Жапаров Түркияга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта Анкара шаарына Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн иш сапары менен учуп кетти.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат. Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы: