Президент Садыр Жапаров Түркияга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Сапар алкагында мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат. Мындан сырткары, саммит аянтчасында Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— энергетика министри Доскул Бекмурзаев.