Президент Садыр Жапаров Валентина Шевченкого 1 миллион сомдук сертификат тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда кечээ Кыргызстанга келген мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугуп, 1 миллион сомдук сертификат берди.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу кабыл алып, Валентина Шевченкону алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады. Садыр Жапаров чемпиондун ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирген.

Валентина Шевченко мамлекет башчысына жана бардык кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди. Баарлашуу учурунда ал Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Садыр Жапаровдун жеке өзү телефон чалып куттуктаганына абдан кубанганын баса белгиледи. Валентина Шевченко бул спортчу үчүн мындан да көп жана мыкты иштөөгө чоң мотивация берерин кошумчалады. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана алардын колдоосу дагы да дем берип, жеңишке болгон ишенимин арттырарын билдирди.

Мамлекет башчысы ага 1 миллион сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды. Өз кезегинде Валентина Шевченко президент Садыр Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылды.