Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы реконструкцияланган “Ысык-Ата” санаторийин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Алгач эле санаторийдин карыздары: салыктык чегерүүлөр, социалдык фондго төгүмдөр, керектелген электр энергиясы үчүн төлөөлөр жана кызматкерлердин эмгек акысы боюнча жалпы суммасы 90 миллион сомдон ашык карыздар төлөнүп, жоюлду. Мына ушундай уникалдуу жердин потенциалы эл-журттун, мамлекеттин кызыкчылыгына толугу менен колдонулушу керек», — деди Садыр Жапаров.
Санаторийде жашап жана иштеп жаткан 500 үй-бүлөнүн балдары үчүн бала бакча куруу өтүнүчү менен кызматкерлер кайрылышты. Президент демилгени колдоп, жеринде компетенттүү адамдарга долбоорду иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды.