Президент Садыр Жапаров Түркиядагы мекендештер менен жолукту (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Анкара шаарында Түркиянын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандан келип, Түркияда жашап жана иштеп жаткан мекендештер менен жолугушуп, алардын жашоо-турмушунан кабар алып жатканына кубанычта экендигин белгиледи. Ошону менен бирге президент Түркияга болгон расмий иш сапары кандай өтүп жатканы тууралуу, тактап айтканда, президент Режеп Тайип Эрдоган жана Улуу Улуттук Жыйындын төрагасы Мустафа Шентоп менен болгон жолугушуулар, ошондой эле жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган айрым реформалар жана кайра курумдар тууралуу да кеп кылды. «Жаңы Конституция элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылат жана Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп ишенем. Биз «Кумтөр» кениндеги экологиялык көйгөйлөрдү да көтөрүп чыгуудан корккон жокпуз», — деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө документтерди каттоо боюнча консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 80 пайызга чейин төмөндөтүлгөндүгүн, Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө маалымкатты каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, дароо берилерин, ал эми буга чейин болсо аталган иш үчүн үч күндөн ашык убакыт талап кылынып келгендигин белгиледи. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөгү жарандар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Анын айтымында, Кыргызстандын Анталияда башкы консулдугун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргызстандын жарандары көп жашаган райондордо дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер улантылат.