Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен барган Душанбеге болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Андан соң, мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты. Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда төмөнкүлөргө кол коюлду:
— Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;
— Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.