Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон жумушчу сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-август күндөрү Казакстанга болгон жумушчу сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө, 8-августта мамлекет башчысы Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге “Достук кечеси” гала-концертине катышты. Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери көрүүчүлөргө аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.
9-августта Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышты. Жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.Мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультативдик жолугушууларынын форматы жогорку суроо-талапка ээ экенин жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого зарыл болгон кошумча дем берип жатканын канааттануу менен белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында өлкө башчылары аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп жактуу документтерге кол коюшту.
Андан кийин Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты. Иш-чарада көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Андан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Ардак белгисин тапшыруу аземи болуп өттү.
Садыр Жапаров Казакстанга болгон жумушчу сапарын аяктап, 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.