Президент Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси кызматынан бошотулду

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси Данай Ишемкулов өзүнүн берген арызына ылайык президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго 26-январда президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон.