Президенттин Ош жана Баткенге болгон иш сапары жыйынтыкталды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин аппараттан маалымдашты.

Иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баткен районунун чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, андан сырткары чек арадагы аскерлердин жагдайлары менен таанышып, алар менен баарлашты. Ошондой эле президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.