Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга бара турган иш сапарын даярдоо маселелери талкууланды

Кечээ, 22-февралда өлкөнүн Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Өзбекстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турган расмий иш сапарын даярдоо жана анын мазмунун толтуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү видеоконференция форматында өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турчу иш сапарын уюштурууда өзгөчө көңүл буруу керектигин айтып, баса белгилешкен. Ошондой эле эки тарап эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо маселелери боюнча да кеп курушкан.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турган расмий иш сапары качан болоору азырынча так айтыла элек.