Шейшемби, 23.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуусу

21:26 28.11.2021
0
Президент Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Бүгүн – тарыхый күн. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болгон Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо өнөктүгү соңуна чыгып олтурат. “Эл керегине ушул азамат, ушул партия жарайт” деп, талапкерлердин калың тизмесинен иргеп, келечектеги өнүгүүбүзгө жол чаап бере турган мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алчу бийлик бутагынын курамын илгери үмүт менен шайладыңыздар.

Бул жолку парламенттик шайлоо сиздер колдоп берген Баш мыйзамыбыздын негизинде, жаңы ыкма менен өткөнүнө жалпыбыз күбө болдук. Ага ылайык, партия аркылуу келген талапкерге да, партиясыз эркин чыккан талапкерге да добуш берүүгө шарт түзүлдү. Тагыраак айтканда, партиялык тизмедеги талапкерди тандап алууга да мүмкүнчүлүк берилди. Элибиздин буга чейин коюп келген талабы ушундай эле. Бул ирет саясий өнөктүгүбүздү калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өткөрүп алганыбыз чоң жетишкендик болду.

Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине  кийлигишүүсү, кайсы-бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген. Биз, калыстыкты туу туткан калкыбыздын эркине каршы келген мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алып, парламенттик шайлоону таза, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү башкы милдетибиз катары кабыл алганбыз. Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпайм. Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү. Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында  жүргүзүүнү камсыз кыла алдык. Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик!

«Бийликтин жалгыз булагы — эл» деп Баш мыйзамыбыздын баш барагында бадырайта жазылган. Элдин эрки менен шайлоонун өтөөсүнө чыктык. Кеменгер элибиз өзүнүн мыкты уул-кыздарын Жогорку Кеңештин кезектеги курамына шайлап алышты. Жалпыңыздар көрүп, күбө болгондой, бул жолку шайлоого бийлик өкүлдөрү кыпындай да аралашкан жок. Аралашып баштагандарды дароо кызматтан алып жаттык. Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле бийлик өкүлдөрү тигил же бул партиянын, же кайсы бир талапкердин пайдасына иштесе, катуу чаралар көрүлөрүн байма-бай эскертип келген элек. Үгүт иштеринин жүрүшүндө андай мыйзам  бузуулар катталаар замат кескин, чечкиндүү кадамдарга барганыбыз ат салышкан партияларга да, талапкерлерге да чоң сабак болду. Ошентип, бул шайлоону  элибиздин, Баш мыйзамыбыздын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөрө алдык деп ишенимдүү айта алабыз. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына эл аралык коомчулуктун, байкоочу миссиялардын өкүлдөрү калыс баа берет деп ишенем.

Мен учурдан пайдаланып, шайлоого катышкан жана белгилүү себептер менен катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрыла кетейин. Шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүү —  мыйзамдын жана демократиянын талабы. Демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек! Туруктуулукту, тынчтыкты бузабыз деген ниети барларга бийлик тараптан эч качан негиз бербейбиз, таза жана адилеттүү иштейбиз деп, баарыңарды ишендирип кете алам. Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жакын арада тийиштүү мыйзамдардын чегинде расмий жыйынтыкты жарыялайт. Президент, Министрлер Кабинети сиздер шайлап берген партиялар жана талапкерлер менен өлкөбүздүн келечеги, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн эриш-аркак болуп, биргелешип иштешүүгө даяр экенин баса белгилейм.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин кароосуна бир катар мыйзам долбоорлору биринчи сессиянын биринчи эле күнүндө киргизилет. Убакыт өтүп жатат, ал эми аткара турган иштерибиз арбын! Эми, өлкөбүздө алдыдагы 5 жыл ичинде ири саясий өнөктүктөр болбойт. Биз бул мезгилде Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер менен гана алек болушубуз кажет. Элибиз бизден азыр чечкиндүү жана натыйжалуу чараларды талап кылууда. Бийликтин үч бутагы чогуу-чаран иш алып барып, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүн камсыздашыбыз зарыл. Ал үчүн жаңы шайланып келген парламенттин депутаттары менен жемиштүү кызматташып, албан-албан ийгиликтерге жетишебиз деген ишенимим чоң”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Лунара Жээнбекова

Лунара Жээнбекова

Окшош

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Кокулов өзү тууралуу такталбаган маалыматтар тараганын айтты (видео)

Депутат Кокулов өзү тууралуу такталбаган маалыматтар тараганын айтты (видео)

15:13 22.12.2025
Пакистанда соттолгон Кыргыз жарандары жок экени маалым болду

Пакистанда соттолгон Кыргыз жарандары жок экени маалым болду

14:58 22.12.2025
Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

18:53 22.12.2025
Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

1
Бишкекте жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

11:05 23.12.2025
Айпери Медет кызы менен Бекзат Алмаз уулу ар бири 750 миң сом менен сыйланды

Айпери Медет кызы менен Бекзат Алмаз уулу ар бири 750 миң сом менен сыйланды

10:26 23.12.2025
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын беш салмак категориясында чемпиондор аныкталды

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын беш салмак категориясында чемпиондор аныкталды

10:08 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү