Бейшемби, 19.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент: «Ширшов УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады»

17:04 23.02.2026
0
Президент: «Ширшов УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады»

Алексей Ширшов темасы коомчулукта кайрадан көтөрүлүп, анын Москвадагы жолугушууга катышуусу талкуу жаратты. Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде бийлик анын маалыматын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканын билдирди.

— Социалдык тармакта Алексей Ширшовдун Минкаб төрагасынын орун басары, энергетика министри баштаган кыргыз делегациясы менен Москвада Россиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуудагы сүрөтү талкуу жаратты. Айрымдар буга чейинки маектериңизде Ширшов бир дагы мамлекеттик кызматка барбай турганын айтканыңызды эске салышууда.

Данияр Амангелдиев болсо “Ширшовдун билгендери, маалыматы бизге керек болуп жатат” деген мааниде кыскача комментарий берди. Бул жоопту окугандар “Кыргызстанда өз ишин Ширшовдон мыкты билген адис жокпу” деп да сындашууда. Кээси “Ташиев кетти, Ширшов келди” деп да чыкты. Чын эле бул жагы кандай?

— Макул, бул сурооңорго да жооп берейин. Анда кеп башынан болсун. Жаңылбасам, 2021-жылдын аягы болсо керек эле. Ортомчулар аркылуу Ширшов: “Мени камабаса Кыргызстанга барат элем, Максимдин чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы активдерин билем, ошолорду ачыктап, мамлекетке кайтарууга жардам берет элем”, —деп кайрылды. Себеби Максим качкандан кийин тегерегиндеги балдардын баарын таштап кеткен. Баары талаада калган. Ошолордун бирөө ушул Алексей Ширшов болчу.

Күч органдарынан сурасам, Ширшов издөөдө эмес экен. “Кудай жалгасын, келе берсин, билгендерин айтып берсин”, —деп уруксат бергенбиз.

Келди, кабыл алдык. “Азыр сага баягы бийлик жок. Мамлекеттик мекемелерден уурдай албайсың. Кылт этсең камаласың. Максим менен бирге жакшы эле байыгансыңар. Эми ошол байлыктарды мамлекетке кайтарганга жардам бер. Сенде болгон маалыматтарың менен бөлүш”, —деп бир шарт койдук.

УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады. “Аврора Плюста” кайсы коттедждерди кимдер рейдерлик кылып, жакын туугандарына же досторуна каттатып алгандар боюнча маалыматы менен бөлүштү. Натыйжада “Аврора Плюстан” бир канча коттедж, бир канча батир мамлекетке кайтарылды.

Франциянын түштүк-чыгыш жагында Максим Бакиевге тиешелүү Березовскийден сатып алган “Замок-Шато” деген вилласы бар экен. Ошол маалыматты берди. Ал иш боюнча 2023-жылдан бери биздин Юстиция министрлиги соттошуу боюнча иш алып барып жатат. Бирок дароо эскертип коёюн, сот иштери эртең эле бүтүп калбайт, жылдап созулат. Мындан сырткары, бул имарат келечекте Кыргызстандын пайдасына чечилеби-жокпу, ал да күмөн. Баарын Кудай билет, бара-бара көрөбүз.

Анын дагы бир пайдалуу маалыматы “Элкат” компаниясы Максим Бакиевге тиешелүү болгонун көрсөткөнү болду. Ал толугу менен мамлекетке өттү. Эми мындан ары 100 пайыз мамлекеттики. Баасы болжол менен 6 млрд сом деп эсептеп жатышат.

Эми Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышуусу боюнча: Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 миллион доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 миллион доллардан ашык акча каражат “РусГидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат. Эл аралык сот “ушундай пайыз тууйт” деп чечим чыгарып берген экен. “Ошол карыздан кутулуу жолдорун сүйлөшүп келгиле” деп, Данияр Амангелдиев баштаган делегацияны Москвага жибергем. Ал ошол жактан Данияр Амангелдиевге телефон чалып: «РусГидро» боюнча Кыргызстанга пайдалуу маалыматтарым менен бөлүшөм», —деп сүйлөшүүлөргө кошулуп калыптыр. Себеби илгери ошолор менен иштешип жүргөн да, көп маалыматы бар экен. Анын маалыматтарынын канчалык деңгээлде пайдасы тиет, убакыт көрсөтөт.

Эң негизгиси, Ширшовго илгеркидей бир министрликти минип алып башкарганга жол бербейбиз. Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо “тынч жүр” дейбиз. Кыскасы, мамлекеттик казынага кол салууга жол бербейбиз. Ошондуктан, Ширшов менен “манипуляция” кыла бергендерге көңүл бурбаш керек.

Энергетика министрлиги илгертен бери чогулган 137 миллиард сом карызын быйыл толук жаап бүтүп, эмдиги жылдан баштап кирешеге чыга баштайт. Бул системада таптакыр уурулук токтогон. Ошол үчүн 30 жылдан бери чогулган карызын 5 жылда жаап бүтүп жатат. Эгер уурулук уланып жаткан болсо кайдан жабат эле. Карызы күндөн-күнгө өсө бермек.

Эгер кокус эле уурулук фактылар менен кармалып калган кызматкерлер болсо эч кимге аёо жок. Бул жалгыз эле Энергетика министрлигине эмес, бардык министрликтерге, мамлекеттик мекемелерге жана мамлекеттик кызматкерлерге да тиешелүү.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026
0

Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...

БШК Ормоновду, Калбердиеваны, Чойбековду жана Мурзакимованы Жогорку Кеӊештин шайланган депутаттары деп тааныды

БШК Ормоновду, Калбердиеваны, Чойбековду жана Мурзакимованы Жогорку Кеӊештин шайланган депутаттары деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:41 18.03.2026
0

 Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага №...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

«Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

17:30 18.03.2026
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

08:44 19.03.2026
Орозо айт намазы эски аянтта окулат

Орозо айт намазы эски аянтта окулат

08:26 19.03.2026
Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

10:13 19.03.2026
20-22-март күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт

20-22-март күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт

10:09 19.03.2026
Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

09:01 19.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү