Бейшемби, 19.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент: «Суданда Ил-76 учагынын окуясы үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын курч коюп жатат»

20:54 02.11.2024
0
Президент: «Суданда Ил-76 учагынын окуясы үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын курч коюп жатат»
«Акыркы жылдары биздин мамлекет авиацияны өнүктүрүүгө жана авиация тармагынын коопсуздугунун стандарттарын жогорулатууга катуу басым жасап келебиз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

«Улуттук авиациялык системабызды ачык-айкын, ишенимдүү жана эл аралык талаптарга толук шайкеш келтирүү үчүн биз олуттуу иштерди жасадык. Бул аракеттердин бири Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин бир жыл ичинде Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) коопсуздук боюнча эки аудитинен (учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздугу) ийгиликтүү өтүшү болуп саналат. Биздин башкы милдетибиз – чет өлкөдө иш алып барган авиакомпанияларга катуу көзөмөл орнотуп, алардын ар бир учуусу мамлекеттин жана эл аралык коомчулуктун талабына толук жооп берерине кепилдик берүү.

Судан Республикасында мурда Кыргыз Республикасынын каттоосунан чыгарылган Ил-76 учагы менен болгон соңку окуя натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын курч коюп жатат. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда катталган айрым авиакомпаниялар чет өлкөдө гана рейстерди аткарып, кээде кооптуу аймактарда учаары аныкталды. Мындай иш-аракеттер бизде бул авиякомпаниялар эмне ташып жаткандыгы жана алардын максаттары тууралуу олуттуу жана негиздүү суроолорду жаратат.

Биздин максат – Кыргызстандын туусу алдында иш алып барган ар бир авиакомпаниянын өз ишмердүүлүгүн толук ачыктуулук жана эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүсүн камсыздоо. Бул окуя авиакомпаниялардын чет өлкөдө аткарган ар бир учуу ишине катуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл киргизүү зарылдыгын баса белгилейт, анткени мындай көрүнүштөр Кыргызстандын Европа Биримдигинин кара тизмеден чыгуу аракеттерине түздөн-түз коркунуч жаратууда. Мен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга чет өлкөдө гана иш жүргүзгөн авиакомпанияларды кылдат жана тез арада текшерип чыгып, талапка жооп бербегендерге катуу чара көрүүнү жана президентТин тиешелүү Жарлыгын даярдоону тапшырдым. Келечекте биз бул багыттагы көзөмөлдү күчөтүү менен гана чектелбестен, авиация тармагында коопсуздуктун жогорку стандарттарын ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырабыз. Кыргыз Республикасынын авиациялык чөйрөсүн эл аралык коомчулук алдында ачык-айкын, коопсуз жана ишенимдүү деңгээлде чыңдоого чечкиндүү кадам таштайбыз», — деп жазылат билдирүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026
0

Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

08:44 19.03.2026
Орозо айт намазы эски аянтта окулат

Орозо айт намазы эски аянтта окулат

08:26 19.03.2026
Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

10:13 19.03.2026
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

16:32 19.03.2026
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

16:11 19.03.2026
Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

15:39 19.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү