Президент УКМК менен ИИМге Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөөнү күчөтүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.
Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.
Буга чейин 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инанды уурдалганы маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sapattyn-prezidenti-orhan-inan-daiynsyz-bolup-jatat/">маалым болгон.