Президент УКМК менен ИИМге Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөөнү күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Буга чейин 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инанды уурдалганы маалым болгон.