Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети жаңы Кылмыш, Жазык-процессуалдык кодекстеринин жана Укук бузуулар кодексинин долбоорлоруна президенттин каршы пикирин алды. Бул тууралуу жыйында депутат Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров Укук бузуулар кодексинин, ошондой эле Кылмыш кодексинин бир катар пункттарына каршы пикирин билдирген. Тактап айтканда, ал «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренесин аягына чыгаруу керек деп эсептейт.
Кодекстер Жогорку Кеңеш тарабынан 22-июлда кабыл алынган.