Президент укук коргоочулар тобун кабыл алды. Тизмеде кимдер бар?

Кечээ, 28-апрелде президент Садыр Жапаров укук коргоочулар тобун кабыл алган. Маалыматты президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

«Коомчулуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты”, — деди ал.

АКИpress агенттигине маалым болгондой, Жапаров төмөнкүлөр менен жолугушкан:

— Динара Ошурахунова;

— Нурбек Токтакунов;

— Рита Карасартова;

— Гүлшайыр Абдрасулова;

— Эркина Убышева.