Президент Ысык-Көлдө кумаркана ачууну колдой турганын билдирди

Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады. Анын билдирүүсүн басма сөз кызматы таратты.

«Кумарканалар Кыргыз жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы „кара пиар“ жасап жатышат», — дейт Садыр Жапаров. 

Бүгүн Жогорку Кеңеш «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казино курууну демилгелеген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Добуш берүү учурунда 91 депутат катталып, 68 депутат макул болсо, 23 эл өкүлү каршы добуш берген. Кийин «макул» деп добуш бергендердин төртөө сөз казино жөнүндө экенин түшүнбөй калып, туура эмес добуш берип алышканын билдиришкен.

Мыйзам долбооруна ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргыз жарандары киргизилбейт. Эгерде Кыргыз жарандары кирип, утулуп калса, анда мекеме алардын уттуруп ийген акчасын кайрып берүүгө милдеттендирилет. Долбоор кабыл алынса, бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе, жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.