Саясатчылар, коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Алардын аты-жөнү жазылган кайрылуу социалдык тармактарда тарап, азыркы бийликтин тушунда жасалган иштер менен айрым кемчиликтер жазылган. Анда эң башкысы өлкөдө туруктуулук орногону, коңшулар менен чек ара маселеси чечилип, уюшкан кылмыштуу топ түп-тамыры менен жок болгону белгиленген. Андан тышкары акыркы беш жылда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганы жазылган. Ал эми өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө мамлекеттик карыздын өсүшү, кымбатчылык жана жумушсуздук кедергисин тийгизип жатканы, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жаңы стимул керек экени айтылат.
Алар коомдо Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүнө байланышкан маселе талкууланып жатканын белгилеп, жакын арада шайлоо өткөрүү сунушу берилди. Кайрылууга мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов кол койгон. Мындан тышкары экс-депутаттар Аалы Карашев, Иса Өмүркуловдун да аты жазылган. Ошондой эле бир катар маданий кызматкерлердин аты-жөнү бар.
“Азаттык” алардын айрымдары менен байланышканда кол коюшканын ырасташты. Алардын бири коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айтты.









