Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты болуп коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат.

Кеңештин жеке курамын президент Кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча бекитет. Аталган Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы:

Жапаров Садыр

Нургожоевич

Кыргыз Республикасынын президенти, Кеңештин төрагасы;

 

Муканова Нуруйпа

Алиевна

Кеңештин башкы катчысы;
Кеңештин мүчөлөрү:

 

Койчуманов Мээримбек Нурбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Макешов Чингиз Дуйшенкулович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «КСДП» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Маматалиев Марлен Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Никитенко Наталья Владимировна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Турусбеков Бактыбек Сагындыкович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Бир бол» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Зулушев Курманкул Токторалиевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

 

Боконтаев Кубанычбек Кенешович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Амангельдиев Данияр Джолдошевич Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

 

Бакетаев Алмаз Кушбекович Кыргыз Республикасынын финансы министри;

 

Баетов Аяз Батыркулович Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

 

Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

 

Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

 

 

Осоев Эркинбек Арстанбекович

 

 

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

 

Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы (макулдашуу боюнча);

 

Шаршекеев Марат Дуйшебаевич Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);

 

Акматов Сталбек Темирбекович Кыргыз Республикасынын Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);

 

Акматалиев Алмазбек Акматалиевич Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, философия илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);

 

Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кафедра башчысы, технология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

 

Аркабаев Номанжан Акматович адвокат, «Жаңы Доор» гезитинин журналисти (макулдашуу боюнча);

 

Балтабаев Рустам Кадиржонович «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар ​​бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

 

Даутов Ялкун Умержанович «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Ибраев Алмаз Орозакунович Эл аралык билим берүү жана изилдөөлөр борборунун директору, саясий илимдердин кандидаты (макулдашуу боюнча);

 

Ибрагимов Самат Суюнтбекович «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
«Тартип жөнүндө мыйзам талабы» коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); 
Исаева Рапия

Уркасымовна

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);

 

Исеналиев Эмилбек Аскеевич «Жогорку Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Исраилов Абдилашим Исраилович Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

 

Койчуманова Чолпон Урушбековна Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр борборунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

 

Лютфуллах Шевки Сарылар «Түркия-Кыргызстан Ишкерлери, Маданияты, Тилектештиги жана Достугу» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Пакыров Фархад Ганижанович «ЖИА бизнес ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

 

Самтырова Гулумкан Исаевна «Жемкорлукка каршы адилеттүү көмөк» коомдук фондунун теңтөрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Сыдыков Аскар Куттубекович «Эл аралык ишкерлер кеңеши» юридикалык жактар ​​бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

 

Ташибеков Артур Ашимбекович «Кыргызстандын рынокторунун, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ассоциациясы» юридикалык жактар ​​бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

 

Тунгатаров Актилек Кырманчиевич Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

 

Ускенбаева Гульнара Тураровна «Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Шабданов Радик Раимбекович «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

 

Байкоочу мүчөлөр – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр

(макулдашуу боюнча):

 

Айтен Рустамова Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору;

 

Габриэла Геллил Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

 

Кит Симмонс Кыргыз Республикасындагы эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу;

 

Оливье Бангертер Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси;

 

Фред Хьюстон эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору;

 

Эдуард Ауэр Европа бирлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи.