«Президенттер качарда эле сыйлык тапшырып калат». Садыр Жапаров Фейсбуктагы постуна түшүндүрмө берди

Мындан бир нече жылдар мурда ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, Фейсбук баракчама пост жаздым эле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров наам тапшыруу аземинде билдирди.

«Мындан бир нече жылдар мурда ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, Фейсбук баракчама пост жаздым эле. «Бийлик качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат» деп… Азыр мода го «дүжүрлөргө» деген. Аны сыйлыктарды тапшырып жатканда алып чыгышып, сын-пикирлер болду.

Мурда сыйлыктардын баары сатылчу. Баарыңар билесиңер да. Мен бийликке келгенден баштап, сыйлыкка сунуш келгенде, комиссия чогултуп, «татыксыздарга сыйлык берилбеш керек» дедим. Мындан ары тааныш-билиш сатып алуу деген болбош керек», — деди ал.