«ФЕТӨ маселеси — бул Түркиянын ички иши». Президенттик администрациядан комментарий таратышты

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев президент Садыр Жапаров менен Түркия Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун жолугушуусу боюнча комментарий берди.

«Мустафа Шентоп Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын XI пленардык жыйынына катышуу үчүн келген. Анын президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуу талкууланды. 

Жолугушууда түрк тарап жалпысынан ФЕТӨ уюмунун ишмердүүлүгү боюнча маселе көтөрдү, анын ичинде Кыргызстанда да бул маселе Түркиянын ички иши экенин эске алып, кыргыз тарап аны эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн алкагында талкуулоо зарылдыгын белгиледи», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Жапаров менен Шентоптун жолугушуусу 24-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн.