Президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык:

— Укушов Мурат Каниметович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

— Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

— Кожоналиев Кубатбек Азатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

— Исанов Алмаз Насирдинович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.