Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Дастан Дүйшөкеевдин өмүр баяны

17-ноябрда Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы, кийин кеңешчиси болгон Дастан Дүйшөкеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы маалым болду. Анын өмүр таржымалы жана эмгек жолу тууралуу маалымат жоктугуна байланыштуу президенттик аппаратка кайрылып алдык.

Дастан Станбекович Дүйшөкеев 1987-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген.

Билими жогорку. 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин аяктаган. 2015-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:
2008-2010-жылдары — «AlfaTelecom MegaCom» жабык акционердик коомунда Call Center адиси;
2010-2011-жылдары — «AlfaTelecom MegaCom» жабык акционердик коомунда аймактарда жана тейлөө борборлорунда тармакты өнүктүрүү боюнча башкы адиси;
2011-2015-жылдары — Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясында билим алуу;
2015-2016-жылдары — Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фондунун айлана чөйрөнү коргоо чаралары боюнча жумушчу топтун адиси;
2016-2017-жылдары — А.П.Чехов атындагы жалпы билим берүү мекемесинде дүйнөлүк тарых, Кыргызстан жана Орусия тарыхы, коом таануу сабактарынын мугалими;
2017-2018-жылдары — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы. Ал эл аралык уюмдар, фонддор жана бейөкмөт уюмдар, ошондой эле Швейцария, Орусия, Кытай, АКШ жана Ирандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиликтери аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштеген.
2018-2020-жылдары — “2GIS” жана «Полипласт-Восток» эл аралык компанияларында Орусиянын бизнес долбоорлорун ишке ашыруу.
2020-жылдын октябрь айынан ноябрь айына чейин — Премьер-министрдин пресс-катчысы.
2020-жылдын ноябрь айынан баштап — Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.