«Президенттик шаарча болуп калат». Токторбаев эмне үчүн экс-президенттин макамын алуу керектигин түшүндүрдү

Жогорку Кеңеште экс-президенттерди айрым артыкчылыктарынан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратып жатат. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керек деген демилге көтөрүлүүдө. Буга башка депутаттар кандай карайт?

Мыйзам долбоордун демилгечиси Жеңишбек Токторбаев Сооронбай Жээнбеков толук иштебегенин айтты. «3 жыл президент болуп кетти. Мен айтып келгем, чын дилинен элине кызмат кылган президент болсо, эч кандай маселе жок. Мамлекетти уурдап, тоноп жатса, ал туура эмес болуп калат. Эмнеге андай президентти эл багышы керек. Азыр резиденцияда өмүр бою жашап, күзөтү болот. Мындай болбойт. Азыр бизде 5 президент бар. 20 жылда 5-6 президент болсо, резиденция президенттик шаарча болуп калат да», — деди ал.