Президенттик шайлоого 688 миллион сом коротулат

Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоого даярданууга жана аны өткөрүү үчүн 688 миллион 961 миң 237 сом коротулат. Смета Борбордук шайлоо коммисиясынын жыйынында бекитилди. Алгач 686 миллион 451 миң 337 сом которулары белгилүү болгон. Кийин чыгашага дагы 2 миллион 509 миң 900 сом кошулган. Буга Москва, Тюмень, Кызыл-Кыя, Ош, Кадамжай, Ноокен, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда кошумча 16 шайлоо участогу ачылары себеп болгон.

Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Азыркы учурда президенттик жарышка 18 адам катышууда.