Президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан Өмүрбек Бабановду УКМК суракка чакырды

Бүгүн, 7-январда мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду УКМК суракка чакырды. Таратылган маалыматка ылайык, бир катар кылмыш иштери боюнча тергөө уланып жатат жана анын алкагында аталган саясатчы фигуранттарды бири катары өтүүдө. Буга байланыштуу Бабановго чакыруу кагазы тапшырылганы УКМКнын маалыматында айтылат. «Белгиленген кылмыш иштерин иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалымдалып турат» деп билдиришти УКМКдан. Бирок так кайсы кылмыш иштери экени тууралуу айтылган жок.

Буга чейин бир канча ирет УКМК менен Финполго суракка кирип-чыккан Өмүрбек Бабановго карата 8 кылмыш иши козголгону белгилүү. Өзү бул иштер боюнча “2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин башталган саясий куугунтук” деп комментарий берип келет.

5-6-октябрь окуяларынан кийин Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен күч бириктирип, 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан болчу. Ал башаламандык менен аяктап, Атамбаев кармалган жана ушул күнгө дейре камакта. 5-ноябрда Бабанов ошол кезде мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров менен жолукканын айтып, президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаган.