Президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 12ге жетти

БШКга кезексиз президенттик шайлоого катышуу ниетин 12-болуп «ОшГаз» филиалынын экс-директору Рашид Тагаев жөнөттү.

Буга чейин президентикке бара турганын депутат Садык Шер-Нияз да жарыялган. Бирок ал Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшыра элек. Ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү «Кыш болбойт» мэминин автору Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, активист Назарбек Нышанов, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов, саясат таануучу Бакыт Бакетаев, экс-төрага Канат Исаев, пенсионер Абдыкаар Сыдыков, “Улутман” саясий партиясынын лидери Сазыкбай Турдумалиев жана активист Нурлан Мотуев да президенттик шайлоого катыша турганын билдирген.